Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын 60 бейтапка эсептелген пульмонология бөлүмүндө 175 бейтап дарыланууда

06/11/2021 - 10:02

Интернеттеги “Фейсбук” социалдык тармагында “Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасында “пациенттер” оорукананын полунда жатат”-деп чыккан маалымат боюнча КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2021-жылдын 6-ноябрында Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасына барып жеринде иликтөө жүргүзүштү.

Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасы жалпы 540 оорулуу балдарды дарылоого ылайыкталган, бирок бүгүнкү күндө ар кандай дарттар менен 620 оорулуу балдар дарыланууда. Анын ичинен ооруканын “пулмонология” бөлүмү 60 керебет орунга ылайыкташканына карабай,  учурда 175 жаш балдар дарылануууда, алардын көпчүлүгү бир жашка чейинки балдар.  Аталган оорукананын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов менен сүйлөшүү учурунда белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Ж.Рахматуллаев да телефон аркылуу байланышып, ооруп келген жаш балдарга мүмкүн болушунча шартарды түзүп берүү тапшырмасын бергенине күбө болушкан.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери барган учурда аталган оорукананын башкы дарыгери Ш.Абдурахманов  акыркы жумада грипп оорусу менен тумоолоп келген балдардын саны көбөйүп кеткенин, палаталарда орун жок болгондуктан,  коридорго 12 “раскладушка” керебетин орнотуп жаткырышкандыгын айтты. Ооруп жаткан кичинекей бейтаптардын көпчүлүгү палаталарга жайгаштырылган. Оорулуу 6 бала коридордо “раскладуша” керебетинде жатканын көрүшкөн.

Ош облусунун райондорунда да жаш балдар ооруканасында айрыкча, жаш балдар ооруп кайрылгандыктан мүмкүнчүлүгү болушунча жаткырып дарылап, айыккан жаш балдарды чыгарып жаткандыгын, ошондой эле ооруп келген жаш балдарын дарыгерлер тарабынан кароо жүргүзүп, шартка байланыштуу “амбулаттордук” дарыланууга жөнөтүлүп, тиешелүү дары-дармектерин жазып берип жатканын да маалымдады. Аталган ооруканада дары-дармектер жетиштүү санда,-деп маалымдады ооруканын директору Ш.Абдурахманов. 

Ош облустук көп тармактуу балдар клиникалык ооруканасындагы балдардын айрыкча грипп менен тумоолоп келген балдарды кабыл алынышы, аларды палаталарга жайгаштырылышы жана жаш бейтаптардын саламаттыгын сактоого болгон укуктары КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө алынды.