КР Акыйкатчы институту Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата салтка айланган бир айлыкты жарыялады
Жыл сайын 10-декабрда Адам укуктарын коргоо күнү дүйнө жүзүндө кеңири белгиленет. Дал ушул күнү 1948-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217А (III) резолюциясына ылайык, Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. 1950-жылы Бириккен Улуттар Уюму бул датаны Адам укуктарынын күнү деп жарыялаган.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын сунуштарын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу максатында 2002-жылдын 2-январындагы «Адам укуктары боюнча 2002-2010-жылдарга улуттук программасы жөнүндө» жана «Кыргызстан – адам укуктарынын өлкөсү» Улуттук идеясын ишке ашыруу боюнча чаралар »2003-жылдын 15-майындагы, Өкмөттүн 2003-жылдын 10-декабрындагы (№ 765) токтому менен 10-декабрь Кыргыз Республикасында Адам укуктарын коргоо күнү катары жыл сайын белгиленип келет.
Бул эл аралык укуктук документтин 1-беренесинде мындай деп айтылат: «Бардык адамдар эркин жана тењ укуктар жана нарк-касиет менен жарык дүйнөгө келет. Алар аң-сезимдүү жана абийирдүү жана бири-бирине боордош мамиледе болууга тийиш».
2-беренеде айтылгандай: «Ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан ушул Декларацияда жарыяланган бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиш”. Декларация бардык адамдарга бирдей тиешелүү укуктарды камтыйт. Бүгүнкү күндө бул эл аралык укуктук документ дүйнөнүн 500дөн ашык тилине которулган.
Тактап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам жеке жашоого, менчикке, дин жана сөз эркиндигине, жарандыкка, мамлекеттик башкарууга катышууга, шайлоого жана кайра шайланууга, үй-бүлөгө, эмгекке жана эс алууга, билимге, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, маданият жана искусство чыгармаларынан пайдалануу укугун коргойт.
Быйыл Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганына 73 жыл толду. Буга байланыштуу КР Акыйкатчы институту үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан 10-декабрына чейин “Адам укуктарынын бир айлыгын” жарыялаган. Бир айлыктын алкагында бардык облустардагы адистештирилген бөлүмдөрдүн жана аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын укуктук маалымдуулугун арттырууга багытталган иш чараларды: жогорку класстардын окуучулары, колледждердин жана ЖОЖдордун студенттеринин арасында лекцияларды, жолугушууларды, сынактарды өткөрүшөт. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболору түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, бир айлыктын активдүү катышуучуларына “Укук элчиси” сертификаттары ыйгарылат.
Салтка айланган адам укуктарынын бир айлыгы коомчулуктун кеңири катышуусундагы салтанаттуу жыйын менен жыйынтыкталат.