Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад облустарында ВИЧ жана адам укуктары маселелери боюнча аймактык өнөктөштөр менен жолугушту

19/11/2021 - 11:21

10-декабрь - Эл аралык адам укуктарынын күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкагында  институтунун кызматкерлери “Сорос Кыргызстан” Фондунун  колдоосу менен  17-18-ноябрь күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча калктын негизги топторунун кызыкчылыгын коргогон аймактык өнөктөштөр менен мониторинг өткөрдү.

Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) алдындагы ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар жана калктын аяр топтору  боюнча кеңештин ишинин алкагында өттү.

Жыйынга аймактык кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдардын жана коомдук фонддордун өкүлдөрү катышты. Тактап айтканда, «Ата-энелер баңгизатка каршы» КФ «Подруга» КФ, «Плюс Центр» КФ, «Дени сак муун» КБ, «Таис плюс эки» КБ, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы юристтер болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдардын укуктарынын абалы, ошондой эле калктын аяр топтору (баңги заттарды колдонгондор, кургак учук менен ооругандар жана башкалар) үчүн укуктук тоскоолдуктар маселелери;

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан «ВИЧ-СПИД, кургак учук жана Калктын аяр катмары менен жашаган адамдар менен иштөө боюнча практикалык колдонмолорду» ишке ашыруунун натыйжалары талкууланды.

Иш чаранын жыйынтыгында, ар бир топтун көйгөйлүү маселелери боюнча керектүү маалыматтар топтолуп, андан ары жогоруда аталган Кеңеште каралып, талкууга алынды. Мындан тышкары, катышуучулар аймактык ӨЭУдын жана КФдун  Кеңештин алкагында Акыйкатчы институту менен өз ара аракеттенүүсүнүн мындан аркы кадамдарын, ошондой эле негизги топтордун укуктарын коргоо үчүн Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрү менен жергиликтүү ӨЭУлардын ортосундагы байланышты жакшыртуу жолдорун аныкташты.