КР Акыйкатчысы аппараты жарандардын кайрылууларында көптөн бери айтылып келе жаткан маселелерди чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүүнү суранат
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсаловго жарандардын бир нече жыл каралбай калган көйгөйлүү арыздарын чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.
Кайрылууда жарандардын көйгөйлөрүн толук чечүүгө мүмкүн болбогондуктан, алардын айрымдарына сот, укук коргоо жана аткаруу органдарынын кийлигишүүсү талап кылынгандыктан кайрылууларды кароо боюнча атайын жумушчу топ түзүү зарылдыгы айтылган.
Жарандардын кайрылуулары узак жылдар бою, көп убакытка чейин создуктурулуп, акыркы тийиштүү канааттандырарлык чечимдер кабыл алынбай, чечилбей келе жаткандыктан, айрым жарандар Ала-Тоо аянтына, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Акыйкатчы институтунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын имараттарына барышып (чогулушуп), арыз-дооматтарын мамлекеттик бийлик органдарына жеткирүү максатындагы тынчтык митингдерди уюштурганын акыркы учурда байкоого болот.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын кайрылуусунда ошондой эле бул кайрылууларда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлү менен оозеки талкууланганы белгиленет.
Арыздар бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү болгондуктан, атайын жумушчу топтун курамына Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Адвокатуранын, Юстиция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун (макулдашуу менен) өкүлдөрүн киргизүү сунушталат.
Кошумчалай кетсек, жумушчу топтун курамына коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү сунушталды.
Ошондой эле Акыйкатчы институтунун катында жумушчу топ түзүү боюнча оң чечим кабыл алынган учурда жарандардын кайрылууларынын жана көйгөйлүү маселелердин тизмегин (реестрин) Акыйкатчы аппаратынын эксперттеринин тиешелүү корутундулары менен жөнөтөрү белгиленди.