Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн экинчи баскычын баштады
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн экинчи баскычын баштады.
Бүгүн, 2021-жылдын 27-ноябрында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери имараттан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө.
Мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо жана шайлануу укуктарын ишке ашырууга жана адамдардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуусуна жана коронавирустук инфекциядан коргоо нормаларын сактоосуна өзгөчө көңүл бурулат.
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери жабык мекемелерде добуш берүүнүн жүрүшүнө да жеринде байкоо жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жарандарды шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө Акыйкатчы институтунун "115 шыр байланыш" телефонуна (бул номерге чалуулар бардык уюлдук жана стационардык операторлордон акысыз), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин www.ombudsman.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыштар боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратына жана бардык региондук өкүлчүлүктөргө түз билдирсе болорун маалымдайт.
Акыйкатчы институтунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчет түзүлөт, андан кийин ал тиешелүү сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана БШКга берилет.
Эске салсак, бул иш үч этаптан турат:
20-ноябрдан 26-ноябрга чейин шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Добуш берүү процессине мониторинг 2021-жылдын 27-28-ноябрында жүргүзүлөт.
Шайлоодон кийинки процесске мониторинг 29-ноябрда башталып, 5-декабрга чейин уланат.
20-ноябрдан тарта Акыйкатчы борбордук аппаратынын жана бардык облустарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан республика боюнча шайлоо өнөктүгүнө көчмө мониторинг жүргүзүлдү.
Жер-жерлерде шайлоого даярдык көрүү жана үгүт иштеринин жүрүшүнө байланыштуу маселелер изилденди. Бул үчүн Борбордук Азиядагы CASCADD стратегиялык талдоо, диалог жана өнүктүрүү борбору менен биргеликте 25 суроодон турган жана мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн атайын анкета иштелип чыккан. Сурамжылоонун жыйынтыктарын иштеп чыккандан кийин респонденттер көйгөйлүү деп белгилеген аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.
Мониторингдин биринчи баскычы 2021-жылдын 20-ноябрынан 26-ноябрына чейин өттү.