КР Акыйкатчысынын Урал Федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Белеков КР Жогорку Кеңешине шайлоодо добуш берүүгү мониторинг жүргүзүүдө

28/11/2021 - 10:31

КР Акыйкатчысынын РФ Урал Федералдык округу боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Белеков Жыргалбек Сабырбекович КР Жогорку Кенңешине шайлоодо добуш берүүгү мониторинг жүргүзүүдө. Мониторингдик иштин алкагында ал Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда ачылган №9009 шайлоо участогунда иш жүргүзүүдө. Ал шайлоочулар менен жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар менен жолугушууларды өткөрдү.

 Ж.Белековдун айтымында, добуш берүү тынч өтүүдө, шайлоо мыйзамдарын бузуулар жана шайлоочулардын укуктарын бузуулар катталган жок.