КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгү У.Салиева атындагы жатак-лицейдин окуучулары менен жолугушту

01/01/2021 - 10:18

2021-жылдын 30-ноябрь күнү КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  Ош шаарындагы У.Салиева атындагы жатак-лицейдин окуучулары менен жолугушту. Жолугушуу КР Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Жолугушуунун  жүрүшүндө 10-декабрь–Эл аралык адам укуктары күнү белгиленээри, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы тууралуу сөз болду.

Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында Акыйкатчы  аппараты тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Акыйкатчы институтунун көп тармактуу ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.  

Жаш муундарга адам укуктарын ар дайым аздектөө зарылдыгы тууралуу акыл-насаат айтылды.