Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жамааты Назаридин Бакировдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтат

05/12/2021 - 09:17

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты орду толгус оор жоготууга учурады. 67 жашында Акыйкатчынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Бакиров Назаридин Кадырович узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бакиров Назаридин Кадырович (1954-жылы 10-июль- 2021-жылдын 4-декабры ) Араван районунда туулган, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, 1983-85-жылдары СССР ИИМ МАИ кызматкерлерин даярдоо мектебин аяктаган. Жалал-Абад шаардык МАИде,  Ош ШИИБ МАИде,  Кызыл-Кыя ШИИБ МАИде эмгектенген.  КР ИИМ1988-2003-жылдары Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.  Соңку 20 жылга жакын аралыкта КР Акыйкатчы аппаратында эмгектенди. Ал ар дайым өзүнүн принципиалдуу позициясы менен айырмаланган, кесипкөй кызматкер эле. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого өзүнүн зор салымын кошуп келген. Ал Акыйкатчы аппаратында бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган, Түштүк аймагы боюнча инспекциясынын башчысы, Түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Түштүк аймагы боюнча мобилдүү башкармалыктын башчысынын орун басары, КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,  инспектор, жетектөөчү адис кызматтарында үзүрлүү эмгектенген. КР Өкмөтүнүн  2012-жылдын 4-майындагы № 275 Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө Токтомуна ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамында иштеген. Ал Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы кеңешчиси чинине ээ болгон. Ведомстволук бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жалпы жамааты Акыйкатчынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси

Бакиров Назаридин Кадыровичтин

дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.