Ысык-Көл облусунун коомчулугу адам укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2021-жылдын 8-декабрь күнү 10-декабрь «Адам укуктарынын эл аралык күнүнө» карата атайын тегерек стол өткөрүлдү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары,, Ысык-Көл облустук Ички Иштер башкармалыгынын жетекчиси, Каракол шаардык мэриясынын жетекчиси, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президенитинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлүнүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А. Колопов Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү О.Ш.Тамаев 2021-жылы өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралар, келип түшкөн арыздардын, тенденциясы боюнча маалымат берди.
Тегерек столдун жүрүшүндө Ысык-Көл облустук прокурору, Ички иштер башкармалыгынын жетекчилери Ысык-Көл облусу боюнча адам укуктары бузулган жарандарга көрүлгөн чаралары боюнча маалымат беришти.
Жыйынтыгында өкмөттүк эмес уюмдардын учурда “зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк” иш чара жүрүп жаткандыгын билдирип, адам укуктарынын бузулушу боюнча суроолорду берип, жоопторун мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жеринен ала алышты.
Ысык-Көл өкүлчүлүгүнө 2021 жылдын 11 айында жалпы 242 арыз түшкөн, 301 жаранга оозеки түрдө юридикалык консультация берилген, 97 жолу сотко катышкан.
Арыздардын көпчүлүгү жер маселеси боюнча түшкөн.
Иш чарадан кийин Акыйкатчынын орун басары А..Колопов өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, арыз-даттанууларды кароо боюнча сунуштарын жана сын пикирлерин билдирди.
Ошондой эле алдыдагы аткаруучу иштер талкууга алынды.