Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунда адам укуктары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чөйрөсүндөгү ишкердик ишмердүүлүк боюнча БУУнун колдонмолорунун бет ачары болуп өттү

15/12/2021 - 09:23

Бүгүн, 2021-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын конференц-залында Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлеринин Кыргызстандагы БУУӨПтун өкүлдөрү – БУУӨПтун Кыргыз Республикасындагы улук кеңешчиси Жеңишбек Арзыматов жана укук маселеси боюнча эксперт Шамшидин уулу Уланбек менен менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун негизги темасы адам укуктары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чөйрөсүндө БУУнун ишкердик ишмердүүлүгүнүн негизги принциптерин кароо болду.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков катышуучуларга алгы сөзү менен чыкты. Ал көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп, аларды кароодо жемиштүү иштөөнү каалады.

Андан кийин адам укуктары аспектисинде жогоруда аталган БУУнун ишкердик ишмердүүлүгүнүн жетектөөчү принциптери – тарыхы, түзүмү, субъекттеринин чөйрөсү ж.б.у.с. бет ачары болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ишкерликти жүргүзүүдө жана адам укуктарын коргоодо аныкталган көйгөйлүү аспектилери талкууланды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын түзүмүндө адамдын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо бөлүмү бар, ага жеке ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлери өздөрүнүн эмгек укуктары, экономикалык жана социалдык укуктары бузулган учурда  кайрыла алышат.