Октябрь райондук сотунда КР Акыйкатчы институтунун сын пикирлери эске алынды

10/01/2022 - 10:48

2021-жылдын 22-декабрында КР Акыйкатчы аппараты Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда ал жерге келүүчүлөр үчүн олтуруучу орундуктардын жоктугун, эч кандай шарт түзүлбөгөнүнөн кары-картаңдар да тик туруп кезек күтүшөрү аныкталган эле.  

Ошол эле күнү КР Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментине кайрылуу жолдонуп, анда Октябрь райондук сотунун имаратына жана республиканын башка сотторунун имараттарында  орундуктарды коюу маселеси көтөрүлгөн.

Бүгүн, 2022-жылдын  10-январында алгачкы жумуш күнү Акыйкатчы институтунун  кызматкерлери кайрадан Октябрь райондук сотуна барып, ал жердеги шарттарга мониторинг жүргүзүштү жана жарандар үчүн коридордо жетишерлик санда отургуч орундар коюлганын көрүштү.

Сот департаментинен расмий жооп алына элек, бирок КР Акыйкатчысынын сын пикирлери Октябрь райондук сотунда эске алынганы дароо көзгө урунат.