КР Акыйкатчы институту Кыргызстандын соттолгон эки жаранын Тажикстандан экстрадициялоо маселеси боюнча Башкы прокурорго кайрылды

21/01/2022 - 15:41

Лейлек районунун тургуну Н.А. КР Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колоповдун кабыл алуусунда болуп,  күйөөсү А.С. жана агасы С.Н.нын укуктарын коргоп берүү өтүнүчүн билдирди. Кайрылууда айтылгандай, 2021-жылдын 16-сентябрында А.С. жана С.Н. Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Арыз ээси жакындарын коңшу мамлекеттин аймагында калтыруу кооптуу деп эсептегендиктен, жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, аларга биринчи инстанциядагы сот өкүмү чыгып, ага ылайык С.А. 18 жылга, ал эми Н.С. 2 жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондор өздөрүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук, негизсиз деп эсептеп, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берүүдөн баш тартышты.

Жогорудагылардын негизинде, Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «Соттолгондорду жазаны андан ары өтөө үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүнө которуу жөнүндө конвенцияны бекитүү жөнүндө» 2001-жылдын 17-январындагы №9 токтомуна ылайык жогоруда аталган адамдарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылды.

Н.А.нын арызы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын көзөмөлүндө.