Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун укук коргоочулары Чолпонбек Сыдыковдун абалын билүүгө барышты

21/01/2022 - 14:54

Бүгүн, 2022-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков, аппараттын тармактык бөлүмүнүн кызматкери жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Алматыда болгон тополоңдон кийин Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, катуу сабалып, кечээ Алматыдан тез жардам унаасы менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген, Кыргызстандын жараны Ч.Сыдыковдун ал-абалынан кабар алууга барышты. Ал учурда ошол жерде  дарыланууда.

Жабыркаган Ч.Сыдыков менен сүйлөшүү болду, Стамбул протоколуна ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, андан соң керектүү медициналык документтер түзүлгөн.

Укук коргоочулар менен болгон жолугушууда Ч.Сыдыков Кыргызстандын компетенттүү органдарынан анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана калыбына келтирүү, күнөөлүүлөр тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул жолугушуудан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тиешелүү каттарды жөнөттү, аларда төмөнкүдөй өтүнүчтөр камтылган:

 – Кыргыз Республикасынын жараны Чолпонбек Сыдыковдун Алматы шаарында негизсиз кармалышы, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорду колдонуу жана анын денесине залал келтирүү фактылары боюнча иликтөө жүргүзүү;

- Ч.Сыдыковду жабырлануучу катары суракка алып, ага келтирилген дене жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоо;

- Казакстандын укук коргоо органдарынан Ч.Сыдыковдун Алматы шаарынын Алатау РИИБнин тергөө абагында кармалып турганда андан алынган жеке документтерин талап кылуу.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институту КР Саламаттыкты сактоо министрлигине операция жасоо жана толук дарылоо курсун акысыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кат жолдоду.