КР Акыйкатчы институту кыргызстандык жаранга Россия Федерациясынан социалдык жөлөкпул алууга жардам берди
Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну Д.Т. социалдык укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна кайрылган. Ал арызында жазгандай, 2007-жылы Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону шаарындагы заводдордун биринде иштеп жүрүп, жаракат алган. Комиссия жана ВТЭК Д.Т.ны 30% майып деп таап, натыйжада ага социалдык жөлөкпул дайындалган. 2021-жылдын июлуна чейин ал бул жөлөкпулду «Dos Credo» банкы аркылуу үзгүлтүксүз алып турган. Бирок белгисиз себептерден улам акыркы айларда бул жөлөк пул боюнча төлөмдөр анын эсебине түшпөй калган.
Буга байланыштуу арыз ээсинин уулу Москва шаарынын Социалдык фондунун №45 филиалына кайрылып, ал жактан бардык документтер каржы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди деген жооп алган.
КР Акыйкатчы институту Д.Т.нын арызын кароодо, КР Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине Россия Федерациясынын аймагындагы маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жөнөттү.
Консул А.Букалаев кол койгон консулдуктан алынган жоопто, Кыргызстандын жараны Д.Т.га социалдык жөлөкпулдун кечиктирилишинин себептерин тактоо боюнча элчилик тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Консулдугу менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында 2021-жылдын 25-декабрында төлөнүүгө тийиш болгон арыз ээсинин Д.Тнын социалдык төлөмдөрдүн бардык суммасы эсепке которулган.
Өз кезегинде арыз ээси Акыйкатчынын кеңсесине телефон чалып, жогоруда көрсөтүлгөн жөлөк пулду алууга көмөктөшкөн тиешелүү бөлүмдүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, 2022-жылдын январь айына карата жөлөк пул алдын ала которулганын билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү жардамдар көрсөтүлүп жаткандыктан, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту аларга өзгөчө ыраазычылык билдирет.