КР Акыйкатчысынын орун басары «Диний экстремизм жана терроризм: Борбордук Азия өлкөлөрүндө коопсуздукту камсыздоонун жазык укуктук жана башка аспектилери» аттуу эл аралык конференцияга катышты
Бүгүн, 2022-жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов «Диний экстремизм жана терроризм: Борбордук Азия өлкөлөрүндө коопсуздукту камсыздоонун жазык укуктук жана башка аспектилери» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Бул иш-чаранын уюштуруучулары Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинин Кылмыш укугу жана криминология кафедрасы жана Конрад Аденауэр Фонду (Германия Федеративдик Республикасынын саясий фонду) болду. Фонддун Борбордук Азия боюнча аймактык комиссары Ронни Хейне катышты.
Конференцияга ошондой эле Жогорку Кеңештин, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо органдарынын, фискалдык органдардын, эксперттик, коомдук, эл аралык уюмдардын, аналитикалык түзүмдөрдүн, илимий-изилдөө борборлорунун, илимий-педагогикалык коомчулуктун, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын, ЖМКнын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Алгы сөзү менен сөз сүйлөгөн А.Колопов экстремизм, өзгөчө диний экстремизм маселеси бардык Борбордук Азия мамлекеттеринин күн тартибинде турганын белгиледи. «Диний экстремизмди аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгы «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгууга негиз болду, мыйзам долбоорунун негизги максаты адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик аракеттерден коргоо болуп эсептелгендиктен, бул биздин оюбузча, өз убагында жана зарыл иш чара болуп саналат., – деп баса белгиледи Акыйкатчынын орун басары.
Ошол эле учурда ал экстремизмге каршы күрөштө эки идеянын – эркиндик менен коопсуздуктун тирешүүсү болушу мүмкүн экенин эскертти. «Адам укуктарын коргоо түшүнүгү көбүнчө экстремизмден жана терроризмден коргоого карама-каршы келет. Адам укуктарынын стандарттарын так сактоо мамлекетти жарандарды, тартипти жана мыйзамды экстремизмдин ар кандай көрүнүштөрүнөн коргоо боюнча милдеттерден бошотпойт. Ошондуктан мамлекет аларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу стратегиясына ээ болушу керек, бирок ар дайым адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатындагы милдеттердин аткарылышын эске алуусу зарыл. Анткени бул кодулоо, каршы пикирге келишпөөчүлүк жарандардын жана коомдун коопсуздугуна гана коркунуч келтирбестен, мамлекеттин коопсуздугуна жана туруктуулугуна шек келтирген чыр-чатактарды жаратышы мүмкүн», - деди А.Колопов.
Мындан тышкары, КР Акыйкатчы институту тарабынан «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун эл аралык милдеттенмелерге ылайык келүүсү боюнча укуктук экспертиза алуу үчүн эл аралык көз карандысыз институттарга жөнөтүүнү сунуштап жаткандыгы айтылды. «Зарыл болсо, Акыйкатчы аппараты бул маселеде колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр», - деп жыйынтыктады КР Акыйкатчысынын орун басары.