Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Кыргыз Республикасынын Сот департаментине АВФ жазууларынын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна Түркмөнстандын жараны С.Р. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 25-ноябрындагы сот отурумунун АВФ көчүрмөсүн алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кайрылууда С.Р. 2021-жылдын 25-ноябрында ал жогоруда аталган сотко АВФдин көчүрмөлөрүн берүү өтүнүчү менен тиешелүү арыз менен кайрылган. Бирок андан баш тартышкан (cудья Болотбек Абдуллаев). Бул кайрылуунун негизинде КР Акыйкатчысынын аппараты Октябрь райондук сотунун төрагасынын атына кайрылуу жолдогон. Андан соң ага аудио-видео жазуу материалдары берилген.
Белгилеп кетсек, берилген материалдын сапаты өтө төмөн – тыштан чоочун үндөр угулуп, сот отурумуна катышкандардын көрсөтмөлөрү угулбайт.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле сот процессинин тараптарын сапаттуу аудио жана видео жазуулары менен камсыз кылуу максатында, Акыйкатчы аппараты Сот департаментине үн жаздыруучу аппараттардын сапатын жана видео менен үн шайкештигин жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушу менен кайрылат.
Маалымат үчүн: «Сот отурумдарынын аудио-видео жазуу системасы» - (мындан ары АВФ) техникалык каражаттарды жана тиешелүү программалык камсыздоону колдонуу менен соттук отурумду аудио да, видео да жазууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык комплекс.
Жазык-процесстик кодексте AВФ колдонуу милдеттүү болуп саналат. AВФ жазуулары протоколго тиркелет, анда аларды пайдалануу жөнүндө белги коюлат.
Учурда 63 сот жана 157 сот залында аудио-видео жазуу системасы орнотулган. Сот тутумунун ачык-айкындуулугу автоматташтырылган маалыматтык тутуму (Сот АИС), сот отурумдарын аудио-видео жазуу, соттук отурумдарды аудио-видео жазууну протоколдоштуруу программасы, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү киргизүү заманбап технологиялар менен камсыз кылынат. Сот отурумдарынын AВФ системасын киргизүү жана колдонуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен этап менен ишке ашырылат.