Казакстан Республикасындагы мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин чечүү үчүн КР Акыйкатчы институтунун жана КР Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү Алматы шаарына жөнөп кетишти

09/02/2022 - 12:11

2022-жылдын 8-февралында Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Алматы шаарына жөнөп кетишти.

Бүгүн, 9-февралда жумушчу сапарынын алкагында Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Н.Ауганбаев менен жолугушуу болуп, ал Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн Кыргызстандын жарандарына тиешелүү укуктук маселелерди чечүүдө зарыл колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Н.Ауганбаевдин айтымында, учурда Алматыда кармалган КР жарандары жок, Ч.Сыдыков менен В.Рузахуновдун иши боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул сапардын программасында жабык жана социалдык мекемелерге баруу, ошондой эле Казакстан Республикасында жүргөн мекендештерибиз жана эмгек мигранттары менен жолугушуу каралган.

Эртең, 10-февралда Тараз шаарында Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен жолугушуу мерчемделүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Таразда кармалган кыргызстандык эки жаран бар. Алар: Темиркан уулу Талгат  жана Иманкулов Руслан.