14-февралда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун өкүлдөрүнүн Казакстан Республикасына иш сапарынын жыйынтыгы боюнча пресс- конференция беришет

13/02/2022 - 17:35

2022-жылдын 14-февралында саат 11:00дө “Кабар” агенттигинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун катышуусунда пресс-конференция өтөт, анда Казакстан Республикасындагы мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин чечүү максатын көздөгөн иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу сүйлөшөт.