Викрам Рузахунов КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчисине кыйноого алынганы тууралуу кеңири айтып берди

15/02/2022 - 17:08

2022-жылдын 14-февралында  КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков музыкант Викрам Рузахуновду жана анын адвокатын кабыл алды. Викрам Рузахунов январь айында Алматы шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылган эле.  Жолугушуу учурунда ал Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө аны бошотууга жана үйүнө кайтарууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана кыйноолорго кандайча кабылганы тууралуу кеңири айтып берди.

Аскат Азарбеков жана Викрам Рузахуновдун адвокаты В.Рузахуновдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адам укуктары боюнча эл аралык документтердин негизинде коргоонун жолдорун талкуулашты.

Эске салсак, КР Акыйкатчы институту 2022-жылдын 10-январында Казахстан Республикасынын  Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимовага Викрам Рузахунов боюнча маселеде кайрылуу жөнөткөн, Акыйкатчы аппаратынын өтүнүчү боюнча Казакстан Омбудсмени маселени өз көзөмөлүнө алган болчу.