Талас облустук атайын (көмөкчү) жатак-мектебинде идиш-аяктар жетишпейт
Учурда КР Акыйкатчы Институту тарабынан жарыяланган Балдарды коргоонун бир айлыгы өтүп жатат. Бир айлык 2022-жылдын 8-февралынан 9-мартка чейин өтөт.
КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2022-жылдын 14- февралында бир айлыктын алкагында түзүлгөн иш планга ылайык, Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барып, жатак мектепте окуп, жашап жаткан балдардын тиричилик шарттарына жана тамак-ашына мониторинг жүргүзүштү.
Акыйкатчынын өкүлдөрү барган учурда балдарга түшкү тамак берүү убагы эле.
Балдарга кызылча салат менен экинчи тамакты бир ишдишке салып беришкени көрүндү. Эмне үчүн салат менен экинчи тамакты бир идишке салып бердиңер деген суроого , ашпозчу адиш-аяк жетишпейт деген жоопту берди.
Бирок Акыйкатчынын өкүлдөрү идиштер илинип жана шкафта тизилип турганын байкашты. Бул турган идиштерге эмне тамак салбайсыңар?- деген суроого бул ишдиштерди ашпоздордун ар кимиси өз үйүнөнн алып келгенин, алар окуучуларга жетишпейт деген жооп алышты. Жатак мектебинде 121 окуучу бар.
Жатак мектебинде аныкталган кемчиликтер боюнча КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан облустук органдарга тиешелүү кайрылуулар жолдонот.