КР Акыйкатчысынын орун басары менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы Регионалдык кеңсесинин Жазык сот адилеттиги программасынын эл аралык координатору жолугушту
Бүгүн, 17-февраль, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Омбудсменин офисинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Альберт Колопов менен БУУнун Борбордук Азиядагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Регионалдык кеңсесинин Жазык сот адилеттиги программасынын эл аралык координатору Айищах К. Юлияни айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адам укуктарын коргоо жаатындагы өз ара кызматташуусун талкуулашты, эркинен ажыратуу жайларына мониторинг жүргүзүү жана текшерүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча макулдашылды, жаңы түзүлгөн пробация институту мыйзам бузган жарандарды түзөтүү жана аларды коомго ыңгайлаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруш керектигин белгилешти.