Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун угуучуларына лекция окушту

17/02/2022 - 16:04

2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери аталган институттун ишмердүүлүгү боюнча  милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун угуучуларына лекция окушту.

Лекциянын жүрүшүндө Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун конституциялык статусу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык,(“Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү Акыйкатчы (Омбудсмен) жүзөгө ашырат, -деп айтып беришти.

Угуучулар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө мыйзам өзгөчө орунду ээлерине маалымдар болушту. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы(Омбудсмен)  институту менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Республикалык окуу борборунун ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу да айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан   кыйноолорго жол берилбестиги тууралуу өзүнчө белгиленип, Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, анын түзүмү, аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн ролу, адам укуктарын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.

Бул иш-чара Ички иштер министрлигинин болочок кызматкерлерине адам укуктарын коргоо боюнча укуктук маалымдуулугун арттыруу максатында өткөрүлдү.