Жаңы Акыйкатчынын алдына элдин ишенимине ээ болуу милдети коюлду

03/03/2022 - 12:00

«Акыйкатчы  институтуна жана адам укуктарынын сакталышына элдин ишенимин калыптандыруу жана элдин ишенимин чыңдоо милдети турат”-деди бүгүн, 3-мартта, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын   орун басары Улан Примов Омбудсмен Атыр Абдрахматованы ведомствонун эмгек жамаатына тааныштыруу учурунда.

Төраганын орун басары белгилегендей, калк арасында Акыйкатчы институтунун ишине сын-пикирлер айтылып жүрөт, ушуга байланыштуу А.Абдрахматова жаңы Акыйкатчы катары өзүнүн жеке тажрыйбасын, билимин, элдин колдоосун пайдаланып, кыска убакыттын ичинде  Акыйкатчынын кесипкөй, көзкарандысыз, татыктуу командасын түзүп, өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча иштин форматын жаңылоого тийиш.

Өз кезегиндеАтырАбдрахматова Акыйкатчынын алдында турган жети негизги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи:

  1. Сөз жана ой эркиндигин,  саясий плюрализмди коргоо. 
  2. Жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга даректүү салым кошуу.
  3. Билим алуунун мамлекеттик кепилдиктерин сапаттуу жана жоопкерчиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү. Жарандардын экономикалык эркиндигин ишке ашыруу шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга көмөктөшүү.
  4. Мигранттардын укуктары жана  мамлекет тараптан коопсуздук, колдоо кепилдиктеринин сакталышын күчөтүү.
  5. Сот адилеттигине жетүүдө, коопсуздук секторунда адам укуктарынын, жана  эркиндиктеринин сакталышын жана урматталышын  контролдоо.
  6. Форс-мажордук кырдаалдарда, аскердик же өзгөчө абал киргизилген учурда адам укуктарынын сакталышын күчөтүү.
  7. Акыйкатчы институтуна калктын ишенимин арттыруу жана макамын бекемдөө.