Акыйкатчы Атыр Абдрахматова БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда менен жолукту

11/03/2022 - 14:39

Бүгүн, 2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдырахматова БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда менен расмий жолугушуусу болду.

Улуу даражалуу мейман Атыр Абрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызматына шайланышы менен кызуу куттуктап, анын укук коргоочулук ишине ийгиликтерди каалады.

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту түзүлгөндөнтартып көп убакыттан бери БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы өз мандатынын алкагында Институтка зарыл болгон эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүп келүүдө. Азыркы учурда да БУУнун АУЖКБ Кыргыз Республикасында Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүү максатында үзүрлүү кызматташтыкты улантып, өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүгө даяр экенин билдирет», – деп белгиледи өз сөзүндө Ришард Коменда.

Тараптар мындан ары да кызматташуу ниеттерин билдиришти.