Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жана ЕККУнун программалык кеңсесинин башчысы жолугушту

24/07/2023 - 17:13

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен)  Джамиля Джаманбаева жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда тараптар адам укуктары жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүүнүн маанилүү экендигине ишеним билдиришти.

Тараптар Акыйкатчы институтунун ЕККУ менен кызматташтыгы жаңы, жогорку жана сапаттуу деңгээлге чыкканын белгилешти.

Джамиля Джаманбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги  программалык кеңсеси — Акыйкатчы институтунун маанилүү шериктештеринин бири экенин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар адам укуктарын коргоого багытталган көптөгөн жаңы долбоорлор менен кызматташуу жөнүндө макулдашты.