Акыйкатчы институту милицияны аэропортто кармалган аялдын укуктарын камсыздоого чакырды
Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган К. А. аттуу аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.
Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кетип анын укугун бузганы тууралуу ЖМКга билдирген.
Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.
Акыйкатчынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К. А.га барышты.
Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты.
Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышты.
Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатат.
Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.
Институттун кызматкерлери К. А.нын ишин мониторинг кылууну улантат.
Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова баш коргоо чарасын кабыл алууда К. А.нын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну белгилеп сотко кайрылды.
“Кармалган аялдын жашы жете элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз”,-дейт Токтосунова.