Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата маалымат жыйын өттү

27/07/2022 - 12:43

30-июль Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата, бүгүн, 27-июлда Акыйкатчы институту бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү.

Аталган жыйынга Акыйкатчы институтунун атынан Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков катышып, төмөнкүлөргө токтолду:

- “Расмий статистиканы алсак, 2021-жылы адам сатуу боюнча 9 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2022-жылы 3 кылмыш иши козголгон. Бул сандар реалдуу көрсөткүчтөрдү көрсөтпөй жатат. Себеби, кылмыш латенттүү болгонуна байланыштуу далилдөө кыйынга турат, аны менен катар жабыркаган адамдар өмүрүнө коркунуч келүүсүн билдирип, ачыкка чыкпаганга аракет кылышат, ошондуктан арыздар дагы абдан аз түшөт жана кыскартылып кетет.

Кыргызстандын ичинде жарандарды анын катарында жаш өспүрүмдөрдү кулчулукка алган, иштетип алып айлык акы төлөбөгөн, мажбурлап иштеткен учурлар абдан көп кездешет. Акыйкатчы аппаратына мындай арыздар байма-бай келип турат. Дагы бир негизги көйгөй катары белгилечү жагдай- бул чет өлкөгө иштөөгө жарандарды сатуу. Буга түрткү болгон атайын адамдар (вербовщиктер) адамды алдоо жолу менен кызыктырып, кылмыштуу топторго салып беришет.

Көп кездешчу адам сатуунун түрү бул- секс кызматтарга мажбурлап иштетүү, кулчулук. Учурда замандын талаптарына ынгайлаштырылган адам сатуунун жаңы түрлөрү чыгууда. Буга жаңы технологияларды, социалдык тармактарды колдонуу менен коркутуу, опузалоо жолдору аркылуу гибриддик түрдө адам сатуу ыкмалары кирет”.

Ошондой эле Аскат Азарбеков аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун санап берди. Алар:

-Жарандарга маалыматты жеткиликтүү даярдап, байма бай таркатуу;

-Чет өлкөгө иш издеп чыгууда рассмий легалдуу жолдорду тандоо;

-Эл аралык денгээлде, мамлекет ортосундагы келишимдердин негизинде биздин жарандар барган башка мамлекеттердин тийиштүү органдары менен биргеликте ыкчам иликтөө иштерин натыйжалуу уюштуруу;

- Адам сатууга дуушар болгон жарандар менен иштөө үчүн мамлекеттик тийиштүү борборлорду ачуу;

-Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте толук кандуу алдын алуу иштерин уюштуруу;

-Мамлекеттик органдардын адам сатуу боюнча алып барылып жаткан иштери боюнча Акыйкатчы институту тарабынан мониторинг жүргүзүү.

Андан тышкары аппарат жетекчи Акыйкатчы аппараты адам сатуу көйгөйүн алдын алуу багыты приоритеттүү багыттарынын бири деп белгилеп, бул тармактагы иш чаралар алдыдагы иш пландарда камтылганын билдирди.

2019-жылы Акыйкатчы институтунун тапшырыгы боюнча Эл аралык эмгек уюмунун колдоосу менен балдарды сатуу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлгөн, анын негизинде адам сатуу курмандыктарынын балдары менен иштөө боюнча мамлекеттик органдардын натыйжалуу иши үчүн сунуштар иштелип чыккан. Изилдөөнүн маалыматтары Акыйкатчынын баяндамасына кирген. 2021-жылы Акыйкатчынын кызматкерлери үчүн адам сатуу курмандыктарын идентификациялоо жана кайра багыттоо боюнча ички нускамалар иштелип чыккан. Бул нускамалардын аркасында Акыйкатчынын кызматкерлери адам сатуу курмандыктардын дарегин аныктап, аларды коргоону камсыз кыла алышат.