Акыйкатчы аппараты балдар үчүн цирк көрсөтүүсүн уюштурду

01/10/2022 - 16:37

2022-жылдын 1-октябрь күнү Акыйкатчы аппараты Баткен окуясынан улам аргасыз жер которуп келип, Ысык- Ата районунун Ивановка айылында жайгашкан жарандардын балдары үчүн акысыз Цирк көрүүнү уюштурду. 

Ивановка айыл өкмөтү МАИ кызматкерлеринин коштоосунда транспортту уюштурду. А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки 50 жакын балдарга жана алардын ата- энелерине билет бөлүп берип, өз өнөрлөрүн тартуулады.

Цирк көрсөтүүсү бүткөн сон Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери балдар менен бирге тамактанып, күн бою алар менен бирге болушту. Балдардын укугун коргоо, аларга болгон камкордук- Акыйкатчы институтунун артыкчылыктуу багыттарынын бири.