Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жана ЕБдин өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон жолугушту

27/07/2023 - 12:08

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон жолугушту.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жагдайы тууралуу талкуулашты.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктарынын фундаменталдык баалуулуктарын, демократияны, укуктун үстөмдүгү менен жарандык коомду илгерилетүүгө байланыштуу пикир алышты.

Джамиля Джаманбаева Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар менен адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын чыңдоого кошкон ЕБдин салымын белгилеп өттү.

“Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Акыйкатчы институтун Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелери боюнча дайыма колдоп келет, жалпысынан институттун өнүгүшүнө салым кошкон абдан көп жакшы долбоорлор ишке ашты, албетте, бул аракеттер өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери боюнча жагдайга оң таасирин тийгизди”,-деди Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча абалды жакшыртыш үчүн бардык чараларды көрүп келе жатканын баса белгиледи.

“Негизинен Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Документ азыр коомдук талкууга чыгарылды”,-деп айтты Джамиля Джаманбаева.

Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин ал милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтун «А» макамына аккредитациялоо боюнча маселени демилгелеп чыгаарын кошумчалады.

Мэрилин Йосефсон өз кезегинде ЕБ тараптан Акыйкатчы институтуна зарыл болгон көмөк көрсөтүлөрүнө ишенерин айтты.

“Европа Биримдиги Кыргызстандагы Акыйкатчынын кеңсесинин ишин жогору баалайт жана анын көз карандысыздыгы менен ролун бекемдөөгө, ошондой эле Париж принциптерине ылайык келген жана Кыргызстанды "А" макамына жеткире турган реформаларды колдоого көмөк берүүнү улантат”,-деп билдирди Кыргызстандагы ЕБдин өкүчүлүгүнүн элчиси.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыкканын жана ага КРдагы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн чоң салымы бар экенин белгилеп өттү.

“Эгерде анык бир мисалдарды келтире турган болсок, биз жакын арада Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен сөз эркиндигине карата укукка комплекстүү талдоо жүргүзүүнү пландап жатабыз. Негизинен сөз эркиндигине байланышкан иштер боюнча Страсбург сотунун тажырыйбаларын изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз анык бир сунуштамаларды, ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыкмакчыбыз. Бул маселеде сиздердин көмөгүңүздөрдү күтөбүз”,-деди Акыйкатчы.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттары менен демократиялык баалуулуктарды чыңдоо боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы күчтөндүрүүгө макулдашты.

Фотонун автору: Алишер Алиев / Кыргызстандагы ЕБдин өкүлчүлүгү