Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды

18/01/2023 - 12:09

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчыга кайрылгандар кылмыш жана жарандык иштер боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү жана ички иштер, прокуратура органдарынын айрым кызматкерлеринин иш-аракеттерине арыз-даттанууларын билдиришти.

Ф. С. аттуу жаран өгөй атасы аны сабаганы тууралуу ишке укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын, ошондой эле анын чоң энесинин сөөгүн эксгумация кылууга байланыштуу жагдайга укук коргоо органдарынын эч кандай аракети жок экенин айтып даттанды.

У. Н.  аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны жана анын жашы жете элек кызын борбор калаадагы микроавтобустун (№212 каттам) айдоочусу сабаган учурга аракетсиздик көрсөтүп жатышканына көңүл бурууну акыйкатчыдан суранды. Окуя бир ай мурда болгонуна карабай, укук коргоо органдары балага психологиялык экспертиза дайындоодон баш тартып жатышат.

П. В.аттуу жаран анын кол тамгасын жасалма коюп алып акча каражаттары менен мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышканы боюнча факты тууралуу тергөөнү милиция кызматкерлери беш жылдан бери узартып келе жатышканына арызданды.

Дагы бир Э. У. аттуу жаран үчүнчү тараптар менен адвокаттын алдамчы аракеттеринен улам Ош областындагы өздөрүнүн үйлөрүнөн ажырап калган майыптыгы бар адамдардын тобунун кызыкчылыгын жактап кайрылды.

Мындан тышкары Акыйкатчынын кабыл алуусунда прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата арызын айткан ишкер да болду. Арыздануучунун айтымында, алар убакытты атайлап создуктуктуруп, Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы анын эки компаниясын рейдердик жол менен басып алганы жөнүндө кылмыш ишин кылмыш мөөнөтү өтүп кетти деп жаап салышкан.