КР Акыйкатчы институтунда адам укуктары боюнча Аралыктан (Дистанттык) окутуу системасы ишке кирет
Азыркы учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин аралыктан окутуу жана сынактан өткөрүүнүн ички системасы үчүн маалыматтык база даярдалган. Кийинчерээк, пилоттук режимдин жыйынтыгы боюнча, бул система колдонуучулар үчүн, мисалы, адам укугун коргоочулар, студенттер, журналисттер ж.б. үчүн жеткиликтүү болот.
Системада адам укуктары боюнча онлайн окутуу курсунан өтүү жана анны менен бирге эле өз билимдерин жогорулатуу жана сыноолордон өтүү менен тиешелүү күбөлүк алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, бул системанын базасында адам укуктары боюнча электрондук китепкана түзүү дагы пландаштырылып жатат.
Акыйкатчы Кубат Oторбаевдин бул демилгеси ЕБ "Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү" долбоорунун алкагында, Адам укуктары боюнча кеңештин жана КР ЖС алдындагы Соттук департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин эксперттик колдоосу алдында ишке ашат.