Комиссиянын жана жеке Акыйкатчынын орун басарынын ишине тоскоолдук кылган Г.Н. Андрусованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жазалоону суранат

28/07/2021 - 14:20

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнө алып келген фактыларды жана себептерди тактоо, ошондой эле каза болгон баланын улуу агасы Богдан Якуниндин адвокатынын кайрылуусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги Билим берүү жана илим министри Б.Д.Купешевго ушул балдар мекемесинин директорун ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселени кароо өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Акыйкатчынын кайрылуусуна расмий сунуштама жибергенден кийин гана расмий жооп берди.

«Балдар кодексинин» 23-беренесинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын балдардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу таламдарын сактоолорунун мониторингин, талдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат деп белгиленген.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: Даттанууну текшерүү жана ал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө же ээлеген кызматына жараша Омбудсмен (Акыйкатчы) жасаган иш-аракеттерде анын орун басарлары болбосо ал иш сапарына жөнөткөн адам ар кандай мамлекеттик органга, мекемеге же ведомствого жеке өзү келе алат жана керек болгон бардык маалыматтар менен таанышып, тиешелүү адамдар менен аңгемелеше алат, ошондой эле зарыл болгон бардык документтерди изилдеп-иликтей алат. Бирок, Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорунун орун басары Галина Николаевна Андрусова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Жамгырчиева Г.О. балдар үйүнүн аймагына кирүү учурунда тоскоолдук кылып, ага карата акарат сөздөрдү айткан. Өзүн агрессивдүү алган Андрусова Г.Н. комиссиянын ишине тоскоолдук кылууга аракет кылган. Комиссияда – КР ЖКнын депутаттары А.Мамашева, Б.Аманова, Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева жана Г.Жамгырчиеванын буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун башка мүчөлөрү бар болчу.

Андан кийин Андрусова Г.Н. Билим берүү жана илим министри Б.Д.Купешевдин «Балдар үйүнүн аймагына уруксаты жок адамдарды киргизбөө жөнүндө» оозеки буйругуна шилтеме жасап, өзү балдар менен кошо бөлмөгө бекинип алган. Комиссиянын мүчөлөрү ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө буйрукту, кызматтык күбөлүктөрдү, КР ЖК депутаттарынын жана Акыйкатчынын орун басарынын ишине тоскоолдук кылбоо боюнча мыйзам ченемдерин көрсөткөндөрүнө карабастан, Андрусова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана аталган мекеменин директорунун милдетин аткаруучу М.У.Молдобаева келгичекти комиссияга карата жагымсыз айыптоолорун токтоткон жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Б.Купешовго кайрылып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча иш-аракеттерине тоскоолдук кылганы тууралу сунуштама киргизди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесин жана «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын №№ 3, 8, 10 жана 12-беренелерин жетекчиликке алып төмөнкү сунаштамалар киргизилди.

1. Г.Н.Андрусованын Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорунун орун басарын балдарды психологиялык кысымдан сактоо жана анын И. Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки процесстин объективдүү иликтөөсүн алдын алуу үчүн тергөө аяктаганга чейин убактылуу кызматынан четтеттүүнү.

2. Б. Якуниндин расмий видео кайрылуусунда көрсөтүлгөн балдарды башка мекемелерге убактылуу өткөрүп берүү маселесин карап чыгып, алардын жеке коопсуздугун камсыз кылуу.

3. Жогоруда келтирилген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишине тоскоолдук кылуу фактысы боюнча кызматтык териштирүүнү дайындоо жана анын жыйынтыгы боюнча аларды жасаган адамдарга карата белгиленген тартиптик жаза чараларын көрүү.

4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишмердүүлүгүнө мындан ары тоскоолдуктарды болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана алардын кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

5. Катка жазуу жүзүндө жооп берүү. Чыгыш:14.06.21. №10/1941.

Акыйкатчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринен көрүлгөн чаралар жөнүндө отчёт берүүнү суранат, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарынын көчүрмөлөрү, буйруктар ж.б. тиешелүү документтер мыйзамда белгиленген мөөнөттө берилсин.