1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин “Финансы жана кредит” факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.
2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Юриспруденция” факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.
2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
2000-2013-жылга чейин улуттук коопсуздук органдарында иштеген.
2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын жетектеген.
2016-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министирлигинин башкармалыгын жетектеген.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматында иштеген.