Акыйкатчы эл аралык конференцияда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүү маселесин көтөргөн баяндама жасады
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Европа Омбудсмендер институтунун чакыруусу менен Флоренция шаарында өткөн «Омбудсмен: жаңы чакырыктар» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чарага Швейцария, Турция, Украина, Пакистан, Азербайджан жана башка өлкөлөрдүн омбудсмендери жана адам укуктарын коргоо институттарынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын негизги темасы адам укуктарын санариптик трансформация шартында коргоо, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана калктын аярлуу катмарларынын укуктарын коргоодогу жаңы чакырыктар болду.
Жамиля Жаманбаева «Майыптыгы бар адамдардын укуктары» жаатында баяндама жасап, Акыйкатчы Институтунун тажрыйбасы менен бөлүштү. Жамиля Жаманбаева институт тарабынан 2025–2026-жылдары билим берүү, эмгек укуктары, инфраструктуранын жана санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгү багыттарында жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыктарын баяндады.
Акыйкатчы майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу комплекстүү мамилени талап кыларын белгилеп, тоскоолдуктарды жоюу үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун өз ара биргелешкен аракеттенүүсү талап кылынарын айтты.
«Мамлекеттин жана коомдун майыптыгы бар адамдарга болгон мамилеси өнүгүүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ар бир адамдын кадыр-баркын урматтоо жана коомдук турмушка толук кандуу катышууга болгон тоскоолдуктарды жоюу адилеттүү жана инклюзивдүү коомду куруунун зарыл шарттары», — деп белгиледи Акыйкатчы.