Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Баткенде үч окуучу мектепке кабыл алынды

18/09/2026 - 14:54

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Кызыл-Кыя шаарында үч баланын билим алууга болгон укугун коргоп, алардын мектепте окуусун улантууга жардам берди. 

Акыйкатчыга Кызыл-Кыянын тургуну кайрылып, ал жакын туугандарынын үч баласын шаардагы №2 жалпы орто билим берүү мектебине кабыл албай жатканын айтып арызданган. 

Жарандын айтымында, туугандары чет өлкөдөн эмгек миграциядан кайтып келишкен. Алардын балдары орусча билим алып калышкандыктан Кызыл-Кыядагы жалгыз орус тилдүү мектепке берүүнү каалашкан. 

Арыздануучу аталган мектеп директорунун орой мамилесине жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин көңүл коштугуна дагы даттанган. 

Акыйкатчы Институту Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасына, шаардык билим берүү бөлүмүнө жана мэрияга арызда айтылган жагдайды аныктап, тиешелүү иш-аракеттерди көрүү тууралуу суроо-талаптарды жөнөткөн.

Шаардык билим берүү бөлүмү арызда айтылган жагдай боюнча жумушчу топ түзүлүп, атайын териштирүү жургүзүлдү. 

Билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, №2 мектепте  окуучулардын саны ашыкча болуп, бир класста 60 баладан окушкандыктан балдар кабыл алынган эмес. 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын берген маалыматына ылайык, балдардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында Пушкин атындагы №4 жалпы билим берүү мектебине жайгаштырылды. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын, анын ичинде балдардын билим алууга болгон укугун кепилдейт. Бул укук улутуна, жынысына, динине же социалдык абалына карабастан бардык балдарга тиешелүү.

2026-жылдын 8 айында Акыйкатчы Институтуна билим алуу укугуна байланыштуу 44 кайрылуу болду.