Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өттү
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өттү.
Иш-чарага Беларусия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстандын адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттары жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышты. Ал эми, Индия онлайн форматта катышты.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева ШКУга мүчө мамлекетеринин алкагында алгачкылардан болуп адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ачык талкуу жүргүзүү уюштурулганын белгиледи.
“Бул жолугушуу мамлекттер аралык ишенимди чыңдоого, өнөктөштүк байланышты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы гуманитардык кызматташууну кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болот деп ишенем. Бүгүнкү иш-чара бир канча өлкөлөрдүн, укуктук системаларын жана институттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирип отурат. Бирок баарыбызды адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоо, адилетүүлүктү өнүктүрүү, кадар-баркты урматоого болгон жалпы умтулуу бириктирип турат”, - деди Акыйкатчы.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өлкө башчысынын куттуктоосун окуп берди.
Жолугушуунун катышуучулары Акыйкатчыга ШКУга мүчө мамлекеттеринин улуттук укук коргоо институттарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүп бергенине ыраазычылык билдиришти.
Россиянын Адам укуктары бонча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова 2027-2028-жылдары Россия ШКУга төрагалык кыларын укук коргоо институттарынын өнүгүүсүн колдой турганын билдирди.
“Мындай жаңы диалогдук форматтагы жолугушуубуз жакшы натыйжа берет деп ишенем. Мен үчүн адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтык — бул адамды уга билүү жана ага өз убагында жардам берүү жөндөмү”, — деп белгиледи Яна Лантратова.
Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (Омбудсмени) Феруз Эшматов бул аянтча өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени ШКУга мүчө мамлекеттердеги адам укуктарын жана эркиндиктерин түздөн-түз коргогон институттардын ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.
ШКУнун Башкы катчысы Пяо Янфан геосаясий тирешүүнүн күчөшү, бир тараптуу мамилелердин жана протекционизмдин өсүшү шартында адам укуктары жаатындагы глобалдык башкаруу системасы жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
Ирандын Адам укуктары боюнча штабынын өкүлү Касем Бармуза улуттук укук коргоо институттары адамдардын бири-бирине жана эл аралык уюмдарга карата жүрүм-турум нормаларын калыптандырууда жана бекемдөөдө негизги ролду ойношу керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду.
Консультативдик жолугушуу адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында иш алып барган улуттук укук коргоо институттарынын, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосунда кесиптик диалогду өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча катары каралууда.
Бул демилге күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана мыкты улуттук тажрыйбаларды бөлүшүүгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Акыйкатчы Институту чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу иш жүргүзүп келет.
Алсак, 2025-жылы Акыйкатчы Институтуна чет мамлекеттердин жарандарынан 35 кайрылуу түшсө, 2026-жылдын беш айында 24 кайрылуу келип түшкөн.