Нарындын тургундары Акыйкатчыдан Ат-Башы районуна чек ара аймагы статусун алууга көмөктөшүүнү суранышты
Нарын облусунун тургундары Акыйкатчыдан Ат-Башы районуна чек ара аймагынын статусун алууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.
Бул тууралуу алар КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен жолугушууда билдиришти.
Акыйкатчы “Укук Кербени” аталышындагы иш-сапарынын алкагында 12–13-февраль күндөрү Кочкор жана Ат-Башы райондорунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.
Кочкор районунун тургундары айылда жумушсуздук курч көйгөй болгондуктан, жаштар чет өлкөгө миграцияга кетүүгө аргасыз болуп жатышканын айтышты. Ошону менен катары эле, алимент өндүрүүдө жаралган кыйынчылыктар жана башка социалдык маселелерди көтөрүштү.
Жолугушууга келген жаран камсыздандыруу төлөмдөрүн алууда жаралган тоскоолдуктарга нааразы болду.
“Азыр көптөр мүлктөрүн камсыздандырып жатышат. Бирок, кырсык болгон учурда төлөмдөрдү алуу абдан кыйын. Адам компенсацияны өндүргөнчө чыгымдары кыйла көбөйүп кетет. Бул жарандардын укуктарынын бузулушу да, ошондуктан, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранабыз”, — деди ал.
Аба ырайынын катаалдыгына карабастан, Ат-Башы районунун тургундары да жолугушууга активдүү катышышты.
Ат-Башы өлкөдөгү эң суук, климаты катаал зоналардын бири экенин белгилеген тургундар электр энергиясынын тез-тез өчүрүлүшүнө даттанышты.
“Башка аймактарда кышында аба ырайы жылуу болуп турганда, бизде 40 градуска чейин суук болуп, ошол эле учурда электр жарыгы бат-баттан өчүрүлүп жатат”, — дешет тургундар.
Ошондой эле аймактын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин өтүнүчү айтылды. Жергиликтүү активисттин айтымында, Нарын облусундагы ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрү бийик тоолуу аймакта иштегендиги үчүн кошумча акы алышат, бир гана жол коопсуздук кызматы албайт.
Жамила Жаманбаева эмгек акы төлөө шарттары бардыгы үчүн бирдей болушу керектигин белгиледи. Ал бул маселени кароо үчүн ИИМге тиешелүү сунуш жөнөтөрүн билдирди.
Жолугушууда “Баатыр эне” наамын алуу маселеси да көтөрүлдү. Аялдардын айтымында, бул наамды алуу үчүн көп документтер талап кылынгандыктан, айрымдары андан баш тартып жатышат.
Ошону менен катары эле, пенсия маселеси дагы айтылды.
“Көп адамдар улгайып, пенсияга чыккандан кийин жылуу аймактарга көчүп кетишсе кошумча төлөмдөрдөн ажырап калып жатышат. Бул адилетсиз, анткени алар өмүр бою бийик тоолуу шартта иштешкен”, — дешти жолугушууга катышкандар.
Ат-Башынын тургундары районго чек ара аймагы катары статусун берүү маселесине да көмөк көрсөтүүнү суранышты. Алардын айтымында, Ак-Сай жайлоосуна чыккан сайын атайын уруксат алууга мажбур болушат.
“Совет мезгилинде район толугу менен чек ара аймагы болуп эсептелип, бул тууралуу паспорттордо атайын белги болгон. Өз аймагыбызда эркин жүрүп-туруу үчүн жардам берүүнү өтүнөбүз”, — деди улгайган аялдардын бири.
Мындан тышкары, жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшү жана ага каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгы айтылды. Бир аял кызынын өлүмүнө себепкер болгон мурдагы күйөө баласын жоопко тартууга жардам сурап кайрылды.
Ага улай эле, аялдардын наамында жер тилкелеринин жоктугунан улам 45 жашында пенсияга чыга албай жатышканын билдиришти.
Социалдык фонддун өкүлү бул көйгөй Нарын облусуна турмушка чыгып жашап калган аялдарга тиешелүү экенин айтты.
Дагы бир аял эмгек укуктары бузулганына даттанды. Ал 30 жума кош бойлуу кезинде айыл өкмөтүндө иштеген жумушунан мыйзамсыз бошотулганын билдирди. Анын айтымында, сот жергиликтүү бийликтин пайдасына чечип, ал өз укуктарын коргой албай, тийиштүү төлөмдөрүн ала алган эмес.
Акыйкатчы анын ишин дыкат карап чыгып, укуктук жардам көрсөтөрүн убада кылды.
Терек-Суу айылынын өкүлү Акыйкатчынын келери тууралуу айылдаштары билбей калганын айтты.
“Биздин айылдагыларда суроолору көп болчу. Билишсе көпчүлүк келмек”, - деди ал.
Айылдагы мектептердин биринин чарба иштери боюнча адиси ӨКМ тарабынан салынган айып пулдарга нааразы болду. Анын айтымында, өрт коопсуздугунун талаптарын сактабагандыгы үчүн мектепке 23 миң сом айып пул салынган. Мугалимдер акча чогултканча айыпка үстөк кошулуп, 46 миң сомго чейин көбөйгөн.
ӨКМдин өкүлү айыппулду мектеп эмес, тиешелүү шарттарды түзүүгө жооптуу болгон айыл өкмөтү жана райондук акимиат төлөшү керектигин түшүндүрдү.
Нарын облусунун тургундары кыштын суугуна карабай келип, алардын кайрылууларын угуп, жардам көрсөткөнү үчүн Акыйкатчыга ыраазычылык билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө институттун кызматкерлери 20 жаранга оозеки укуктук кеңеш берип, жазуу жүзүндө 15 арыз кабыл алышты.
2025-жылы Нарын облусунан Акыйкатчыга 400гө жакын кайрылуу түшкөн. Ал эми жаңырган жылда 11 арыз катталган.
“Укук Кербени” иш-чарасы “ПРООН”дун колдоосу менен өткөрүлүүдө.