Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Кадамжай районундагы айылдардын бири электр жарыгы менен камсыздандырылды
Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Кадамжай районундагы айылдардын бири электр жарыгы менен камсыздандырылды.
Акыйкатчыга Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз айылынын тургундары кайрылып, 10 жылдан бери электр жарыгы жок жашап жатканын айтышкан.
Арыз ээлеринин билдирүүсүндө, алар жашаган көчөгө электр жарыгы киргизилген эмес. Андыктан айыл тургундары өз алдынча чубалгы тартып, кошуна көчөдөн электр жарыгын убактылуу алып келет. Мындай жол өтө кооптуу болгондуктан алар райондук электр тармактар ишканасына жана айыл өкмөткө электр мамычаларын орнотуп, жарыкка кошуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.
Айыл тургундарынын кайрылууларына кош көңүл мамиле менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын айыл өкмөтүнүн милдеттери жана айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары тууралуу беренелеринин (51, 54-берене) талаптары аткарылган эмес.
Акыйкатчы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына, Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жана райондук электр тармактар ишканасына айыл тургундарынын көйгөйүн кечиктирбестен чечип берүүнү сунуштап, расмий кат жолдогон.
Эки айдан кийин айыл өкмөтү 2025-жылдын 18-сентябрына карата Боз айылынын көчөлөрүнө жалпысынан 20 даана электр мамычасы орнотулуп, айылга 2 даана жаңы трансформатор коюлуп, бардык үйлөр электр жарыгы менен камсыз болгонун маалымдады.
Учурда айылдын ички жолдорун оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Маселенин өз убагында чечилбей калышына жооптуу катары айыл башчыга “эскертүү” түрүндөгү тартиптик жаза берилди.
Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын коргоо багытында, алардын социалдык-экономикалык маселелеринин дагы өз убагында чечилишин камсыз кылуу боюнча иштерин улантат.