Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Чоң-Алайдагы майыптыгы бар 3 балалуу аялга тезинен жардам берүүгө чакырат

29/09/2025 - 15:14

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Чоң-Алай районундагы майыптыгы бар 3 балалуу жалгыз бой энеге жардам көрсөтүү үчүн тез арада чараларды көрүп, анын маселесин чечүүнүн приоритеттүү багыттарын карап чыгууга чакырды.

Акыйкатчы майыптыгы бар жарандар камкордукка жана жардамга муктаж экенин жана алардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бөлүү керектигин белгилейт.

Чоң-Алай районунун Ачык-Сай айылынын тургуну Ж.М.нын туугандары Акыйкатчыга жардам сурап кайрылган.

Арызда Ж.М. жана анын 3 баласы психикалык жактан жабыркай турганы (баары экинчи топтогу майып), турак жайдын жоктугунан малкананын мурдагы кампасында жашары айтылган. Анын аянтты 7-8 чарчы метр.

Бул үй-бүлөнүн эскирген үйүн айыл өкмөтү жаңысын салып берүүнү убадалап, 2023-жылы түрттүрүп салган. Ошол эле жылы үйдүн курулушу башталып, дубалдары тургузулган бойдон токтоп калган.  

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 2025-жылдын 23-январь айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына аталган үй-бүлөнүн үйүнүн курулушун тездетүүнү сунуштап кат жолдогон. 

Ага жообунда акимчилик ушул жылдын жазында үйдү бүтүрүп берүүнү убадалаган. 

Бирок, институттун кызматкери сентябрь айында Чоң-Алай районуна болгон иш сапары учурунда аталган үй-бүлөдөн кабар алып кайрылганда, курулуш иштери жанданбай турганын көрүшкөн. 

Коңшуларынын айтымында, Ж.М. 2014-жылы жолдошу менен ажырашып кеткен. Балдарынын эң улуусу 9-класска чейин окуп, андан кийин оорусу күчөп, барбай калган. Андан кийинки экөө мектепке такыр барышкан эмес. Алар коомго аралашпай, адамдар менен сүйлөшпөйт. 

Жакындары бул үй-бүлөгө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, атайын дарылануудан өтпөгөндүктөн алардын психикалык абалы барган сайын начарлап жатканын айтышууда. 

Жергиликтүү бийлик тарабынан медициналык жана социалдык жардамды уюштуруу иштери жүргүзүлгөн эмес. Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгы жана  Балдар иштери боюнча комиссия 2015-2019-жылдары атайын отурумунда аталган үй-бүлө менен иштөө планын карашкан. Бирок, аталган план кагаз жүзүндө калган.  

 

Акыйкатчы Институту Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына расмий кайрылууларды жана сунуштамаларды жөнөттү. 

Акыйкатчы Институту жөнөткөн сунуштамалар:

• М.Ж.нын үй-бүлөсүнө бардык социалдык кызматтарды тиешелүү тартипте көрсөтүү;

• Алардын үйүн суук түшкөнчө толук бүтүрүү;  

• Үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык кароодон өткөрүп, реабилитациялоо кызматтарын жеринде камсыз кылуу;

• Аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелери боюнча тиешелүү иш алып барбаган кызматкерлерге карата кызматтык териштирүүнүн негизинде дисциплинардык чараларды көрүү. 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесине ылайык, мамлекет калктын аярлуу катмарын социалдык жактан колдоп, жарандардын саламаттыгын коргойт.