Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен жарандын колдонулбай калган билеттеринин акчасы кайтарылып берилди
Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмен) жардамы менен жаран "Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан өндүрө албай жаткан акчасын алды.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага П.Н.П. аттуу жаран жогоруда аталган мамлекеттик ишканасынан кызмат алуу учурунда бузулган укуктарын калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Анын айтымында, 2025-жылдын 25-июль күнү “Бишкек-2” темир жол вокзалынын кассасынан Москва-Бишкек багыты боюнча №318 жүргүнчүлөрдү ташуучу поездинин №11 вагонуна, 3 билет сатып алган.
3-август күнү Россиядагы туугандары Бишкекке жол тартмак. Аларга билеттерди алып жатканда, кассир кызга туугандарынын паспортунун сүрөтүн көрсөтүп, 35 220 сом төлөгөн.
Бирок, Россияда П.Н.П.нын туугандарынан кагаз түрүндөгү билеттин түп нускасын талап кылып, билеттин сүрөтүн жаратпай коюшкан. Арыз ээсинин жакындары 20 200 рублга кайра билет сатып алууга аргасыз болушкан.
Арыздануучу 4-август күнү "Кыргыз темир жолунун” кассасына келип, билетти тапшырып, акчасын кайтарып берүүнү өтүнгөн. Бул боюнча ишкананын жетекчилигине арыз жазылган.
Бирок, 5-августа "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын" Муниципалдык ишканасынын директору С.К. Осмонов жарандын акчасын кайтарып берүүдөн баш тарткан.
“Кассада олтурган кыз мага электрондук билет жазып бериш керек болчу. Бирок, ал мага кагаз түрүндөгү билет берген. Ал жарабай калды. Же кагаз билеттин түп нускасы зарыл экенин түшүндүрүш керек эле”, - дейт П.Н.П.
“КРнын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине” ылайык, кагаз түрүндөгү билет да электрондук билеттей эле бирдей укуктук күчкө ээ болуп саналат. Ошондой эле “Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө макулдашуу” боюнча электрондук билетти телефон же башка электрондук каражаттар аркылуу көрсөтүүгө уруксат берилет.
Акыйкатчы Институту жаран П.Н.П. тарабынан келтирилген дооматтарды териштирүү жана жарандын колдонулбай калган билеттин акысын кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кат жолдогон.
Министрлик бул боюнча тапшырма бергенден кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасы 16-сентябрда П.Н.П.га акчасын төлөп берди.
Жаран Акыйкатчы Институнун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.