Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин камсыздалышы боюнча 2024-жылдык баяндамасын” кабыл алды

18/09/2025 - 12:12

Жогорку  Кеңеш КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин камсыздалышы боюнча 2024-жылдык баяндамасын” кабыл алды. 

 

Акыйкатчы парламентке  Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалы тууралуу маалымат, адам укуктары боюнча негизги маселелер, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу маалымдады. 

 

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчынын сунуштардын аткарылышы 68%га жеткенин айтты (мурунку жылдары 20% да жеткен эмес). 

 

Акыйкатчы Институтунун адам укуктарынын сакталышына контроль жүргүзүүнүн негизги механизмдеринин бири жарандардын кайрылууларын кароо. 2024-жылы жалпысынан 9283 кайрылуу келип түшкөн.  

 

Институтка жарандардан түшкөн арыздардын 58 пайызы оңунан, кайрылуучунун пайдасына чечилген (2023-жылы 27% гана түзгөн).

 

Кайрылуулардын 16% боюнча бузуулар тастыкталбагандыктан түшүндүрмөлөр берилген. 

 

12% учурларда бузуулар тастыкталган, бирок сотко кайрылуу же даттануу мөөнөттөрү өтүп кеткенине, ошондой эле укук бузган кызматкерлердин эмгек мамилелеринин токтотулганына байланыштуу укуктарды калыбына келтирүү мүмкүн болгон эмес. 

 

Омбудсмендин кызматкерлери 2023-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп  мониторинг (2023-жылы - 179, 2024-жылы – 420), анын ичинде мажбурлап кармоо жайларына 258 инспекциялык текшерүү жүргүзгөн. 

 

Кайрылуулардын мүнөзү боюнча бийлик органдарына карата даттануулар төмөнкүдөй:

● 44,0% – сот органдарына; 

● 20,1% – укук коргоо органдарына;

● 5,9% – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына; 

● 4,9% – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтин органдарына; 

● 3,7% – санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрликтин органдарына; 

● 3,2% – саламаттык сактоо мекемелерине; 

● 18,2% –  башка бийлик органдарына. 

 

Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары боюнча Акыйкатчы чечимдеринде же аракеттеринде (аракетсиздиктеринде) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар байкалган мамлекеттик органдарга, муниципалдык органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына Көңүл буруу актыларын жиберет. 

 

2024-жылы Көңүл буруу актыларынын саны 140 түзүп, алардын 93% мамлекеттик органдар тарабынан аткарылды.

Жамиля Жаманбаева КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызматына 2023-жылдын 17-майында дайындалган.