Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын коргоо жана аларга зарыл жардамдарын көрсөтүү ишин уланта берет.

15/09/2025 - 09:56

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын улгайган тургунуна социалдык кызмат алууга көмөктөштү. 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага 77 жаштагы К.Л.А. аттуу жаран социалдык кызмат алууга жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылган. 

Ал арызында, артроз оорусу менен жабыркап, ага байланыштуу көп кыймылдай албагандыктан башка бирөөнүн камкордугуна муктаж экенин билдирген. Пенсионер жардамдаша турган жакындары да жок экенин белгилеген. 

Акыйкатчы Институту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине аялды зарыл болгон социалдык кызматтар менен камсыздоону сунуштап расмий кат жолдогон. 

Институттун кайрылуусунан кийин Биринчи май районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жардам көрсөтө баштады. 

Аял көп жылдан бери батиринен таштанды чыгарбагандыктан анын үйү акыр-чикирге толуп кеткен. 

Акыйкатчы Институтунун кайрылуусу менен “Тазалык” ишканасы батирди тазалап, Мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл борбору тарабынан дезинфекция жасалды. 

Учурда жаран К.Л.А. баардык зарыл социалдык кызматтарды алып, өз батиринде жашап жатат.