Акыйкатчы Институту аскердик чакыруунун жазгы өнөктүгүнө мониторинг жүргүздү
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жоокерлердин жана аскер кызматкерлеринин укуктарын сактоого жана коопсуздугун камсыздоого чакырат.
Акыйкатчы Институту 2025-жылы мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик чакыруунун жазгы өнөктүгүнө өлкө боюнча 25 аскер комиссариаттарына мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктады.
Мониторинг Бишкек жана Чүй облусундагы аскер комиссариаттарын толук камтып, калган 6 облуста тандалма жүргүзүлдү.
Иликтөөнүн жыйынтыгы аскер комиссариаттарындагы негизги көйгөйдү - аскерге чакыруу учурунда медициналык кароодон өткөрүү тартиби бузулганын көрсөттү.
Белгилей кетсек, атайын комиссиясынын курамын жергиликтүү бийлик бекитет. Дарыгерлердин курамын хирург, терапевт, невропатолог, окулист, отоларинголог, психиатр жана башка адистер камтыйт. Бирок мониторинг жүргүзүлгөн комиссариаттардын айрымдары дарыгерлер менен толук камсыз болгон эмес.
Мисалы, мониторинг учурунда Свердлов райондук аскер комиссариаттарында адистештирилген дарыгерлердин жоктугунан башкы дарыгер (терапевт) калган адистердин ордуна кол коюп, аскерге жарактуулугун тастыктап жаткан.
Ленин, Жайыл жана Сокулук райондук аскер комиссариаттарында хирург, офтальмолог, дерматолог, невролог жок болгон.
Жайыл райондук аскер комиссариатына мониторинг учурунда медициналык кароону психиатр жана медайым гана өткөрүп жаткан.
Бул кемчиликтерден улам саламаттыгында олуттуу көйгөйлөрү бар жигиттер да аскерге жөнөтүлүп, кызмат өтөө учурунда ден соолугу начарлап, оор кесепеттерге алып келген учурлар кездешет.
Мисалы, 2024-жылдын 30-октябрында Сузак райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган Б.Б.У. аттуу жаран медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, аскердик кызматка жарактуу деп табылган. Армияга келгенден кийин 4 күн өтпөй жүрүм-туруму өзгөрүп, ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылып, андан “шизофрирениянын симптомдору менен курч психикалык бузулуу” дарты аныкталган.
Алсак, 2025-жылдын жазгы чакырылышында медициналык кароодон ийгиликтүү өткөн жоокерлердин арасынан төртөөнүн мурдагы өнөкөт оорулары күчөгөндүгүнө байланыштуу, кайра медициналык кароодон өтүп, “кызмат өтөөгө жараксыз” деп табылган.
Акыйкатчы Институту Коргоо министрлигинин аскер госпиталына дагы мониторинг жүргүздү.
Каттоо журналындагы маалыматта 2024-жылдын 1-январынан 6-декабрына чейин аскер госпиталына жалпысынан 1274 адам кайрылса, анын 324ү катардагы жоокерлер болгон.
Ал эми 2025-жылдын 1-январынан август айына чейин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылган, анын 114ү катардагы жоокер.
2025-жылдын январь-июль айларында 8 аскер кызматкерлери жаракат алып, аскер госпиталына кайрылган. Алардын арасынан 6 аскер кызматкеринин буту, бирөөнүн сол тарабындагы 4-5 кабыргасы жана дагы 1 бейтаптын омурткасы сынган. Дагы 2 жоокер күйүк алып госпиталга түшкөн.
Андан сырткары, ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен дагы дарыланышкан.
Акыйкатчы Институт Коргоо министрлигине аскердик дарыгерлер комиссиясынын курамын тийиштүү адистер менен толуктап, толук кандуу медициналык кароонун уюштурууга чакырып кат жолдоду.
Андан тышкары, Жамиля Жаманбаева жоокерлер ур-токмокко кабылгандан кийин дагы окуя тууралуу айтуудан баш тартышкандыктан, аскер госпиталындагы ар бир учурду тыкыр иликтөө зарылдыгын белгилейт.
Коргоо министрлиги институтка берген жообунда аскер комиссиаттарын дарыгерлер менен камсыздоо боюнча тапшырма берилгенин кабарлады.
Акыйкатчы армияда кызмат өтөп жаткан жарандардын укуктарынын толук сакталышына өзгөчө көңүл буруп, көз салууну улантат.
Учурда институт мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик чакыруунун күзгү өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүдө.