Акыйкатчы Институту менен Конрад  Аденауэр атындагы фонду меморандумга кол коюшту

20/01/2025 - 11:57

КРнын Акыйкатчы Институту (Омбудсмен) менен Германиянын Конрад  Аденауэр атындагы фонду кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Макулдашуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен фонддун Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Альгермиссендин жолугушуусунда бекитилди.

Тараптар калктын укуктук билимин жогорулатууну  жана укуктук маданиятын өнүктүрүүнү демилгеледи. Ошону менен катары эле, Кыргызстанда жарандык коомдун жана демократиялык, укуктук мамлекеттин негиздерин бекемдөө боюнча биргелешкен иш-аракеттерди ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, меморандум институттун ишин бекемдөөгө багытталат. 

“Биздин өлкөбүздө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, басмырлоого жана адилетсиздикке каршы күрөшүүгө, ошондой эле, ар бир жарандын билим алууга, ден соолугуна кам көрүүгө жана башка тармактарда баарына бирдей жана адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду көргүбүз келет”, - деди Акыйкатчы.

“Биздин иш-чаралар Кыргызстандагы адам укуктарын натыйжалуу коргоого жардам берет деп ишенем”, - деп баса белгиледи Андре Альгермиссен.