Жамиля Жаманбаева аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырды

11/12/2024 - 11:16

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун алдын алууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана биргелешип иш алып барууга чакырды. 
Бул тууралуу Акыйкатчы 10-декабрда Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын 45 жылдыгына арналган тегерек столдо билдирди.
Ошону менен катары эле, иш-чара Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө карата уюштурулду. 
10-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына 76 жыл болду.
Жамиля Жаманбаева белгилегендей, Акыйкатчы Институту Париж принциптерин карманып, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы байланыштыруучу ролду улантууда.
“Бүгүн Улуттук диалогго катышуу үчүн баардык кызыктар тараптар- Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлү, министрликтен жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле, эл аралык уюмдардан өнөктөштөр жана жарандык коом катышты.  
Бүгүнкү Улуттук диалог, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана укук колдонуу практикасына киргизилген аялдардын укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды талкуулоо үчүн жакшы аянтча болот деп ойлойм”, - деди Жаманбаева. 
Жамиля Жаманбаева 1979-жылы Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенция кабыл алынганын, бүгүнкү күндө ага 189 мамлекет мүчө экенин эске салды. Конвенцияны ратификациялаган мамлекеттер төмөнкүдөй укуктук милдеттенмелерди алышат:
аялдарга карата дискриминациянын баардык түрлөрүн жоюу саясатын жүргүзүү;
аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин эркектер менен бирдей негизде пайдалана алышы үчүн алардын ар тараптуу өнүгүшүн жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуу.
Акыйкатчы мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар аялдардын жана балдардын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүнө көбүрөөк көңүл буруп жатканын кошумчалады.
«Андыктан бизде бул маселе боюнча көптөгөн доклад, иликтөө жана сунуштар бар. Жыйынтыгында аялдардын темасы адам укуктарына багытталган эл аралык деңгээлдеги талкуулардын күн тартибинде орун алды. 
Аялдардын жана балдардын көйгөйлөрү, үй-бүлөлүк зомбулук, гендердик укук Акыйкатчы Институтунун көңүл чордонунда турат. Бул темалар Институттун жылдык баяндамасында чагылдырылып, мамлекеттик органдарга  аялдар жана үй-бүлөнүн коргоо боюнча жагдайды жакшырта турган сунуштарды камтыйт. 
Бүгүн жигердүү жана көңүл кош эмес жарандык коом, жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар чогулганына ишенем жана биздин диалог Кыргыз Республикасында адам укуктары боюнча маалыматты объективдүү жана ар тараптуу берүүгө жол ачат”, - деди Акыйкатчы. 
Иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнер, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мэрилен Йосефсон, ОБСЕнин программдык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов сөз сүйлөдү. Андан тышкары, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, БУУнун Кыргызстандагы качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Елена Гусева катышты.