Акыйкатчы Каракол шаарында эл менен жолугушту

13/11/2024 - 13:04

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушту. 

Акыйкатчы менен жолугушууга 300дөн ашуун эл келди. Анда, облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроо-талаптарына жооп берди. 

Ысык-Көл облусунун тургундары билим алууда, жер маселесинде жана башка укуктары бузулуп жатканын айтып, арызданышты. 

Мамлектик органдардын жетекчилери элдин суроолоруна жеринде жооп беришти. 

Жолугушууга келген аксакал жер участогун тарттырып жибергенин айтып, Акыйкатчыдан жардам берүүсүн өтүндү.

“Мага 90-жылдары мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген жер участогумду тартып алышты. Барбаган жерим калган жок. Бардык мамлекеттик органдарга кайрылып, акыйкаттык издеп келем. Мындай чечимди менин агамдын чуулгандуу ишине байланыштуу го деп ойлойм”, -деди аксакал. 
Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды аксакалдын ишин көзөмөлгө алууга чакырды. 

Жолугушуунун аягында  аксакал сүйүнүчү менен бөлүшүп, ага Башкы прокуратурадан чалып, анын жер маселеси боюнча көйгөйү чечилгенин кабарлашканын айтты.

Мындан тышкары, дагы бир аял майыптыгы бар балдары жалпы билим берүүчү мектептен билим алуусуна башка окуучулардын ата-энелери каршы болуп жатканын айтты. 

“Менин балдарымдын мектепке барып билим алуусуна башка окуучулардын ата-энелери каршы болууда. Ошол себептен, майыптыгы бар балдарым мектепке бара албай жатышат. Сизден сурарым, балдарым коомдо өгөйлөнбөй, эл менен чогуу мектепке барып, билим алышына жардам берип, укуктарын коргоп бериңиз”, - деди аял. 
Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырды. 

Президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары майыптыгы бар балдардын билимге болгон укугун камсыздоого аракеттер көрүлөрүн билдирди. 
Ошону менен катары эле, шаар тургуну Сурия Матниязова 26 жыл мурда жеке менчик үйүн Каракол мериясы алып коюп, ошондон бери соттошуп жүргөнүн билдирди. 
Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдар Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунан кийин, Матниязованын маселесин чечүүгө баардык чараларды көрүп жатканын белгиледи. 
Облустун прокурору Матниязованын көйгөйү оң жака чечилгенин билдирди.  

Белгилей кетсек, өткөн жылы Акыйкатчынын Ысык-Көл облусунун эли менен болгон жолугушуусунда Матниязова кайрылып, жардам сураган. Бир жыл аралыгында Акыйкатчы Институту анын маселеси оң жака чечилишине болгон күч-аракеттерин жумшады. 
1997-жылы Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алып, ордуна мэрия ага батир берген.
Бирок, кийинчерээк менчиктештирүүнү негиз кылып аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон. Аял ошол убакыттан тартып 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин кабыл алып, бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак жай менен камсыз кылууну милдеттендирген. Ага карабастан ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет. 
2020-жылы 3-мартта Каракол шаарынын прокуратурасы укук бузууларды жоюу тууралуу сунуш чыгарган. Бирок Матниязованын айтымында, 1997-жылы мэрия алган жер тилкеси менен үйүнүн ордуна башка турак жай ала албай келет. Ал Каракол мэриясынын имаратында баш калкалоого мажбур болгон. 

Жолугушууда жалпысынан 32 кайрылуу болуп, анан ичинен 23 жазуу түрүндө кайрылуу түштү. 

Эл менен жолугушуудан кийин, Акыйкатчы зордуктоого кабылган  9 жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алды. 

Азыркы учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат . 

Кызды зордуктоого шектүү эки эркек киши кармалган. 

Кыздын апасы Акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоп берүүсүн суранды. 

Анын айтымында, эки эркек кызын 2021-жылдын декабрь айынан тарта зордуктап келишкен. 

Кыз коркконунан апасына мындай жийиркеничтүү окуяны айткан эмес. 

“Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп койобуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар-кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат”, -деп ыйлады кыздын апасы.

Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды.