Акыйкатчы Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылышуудан жабыр тарткан жарандардын ал-абалынан кабар алды

08/08/2019 - 14:18

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылуушудан улам жабыр тарткан жарандардын ал-абалынан кабар алды.

Алгач Акыйкатчы КР Улуттук Госпиталынын Манжаларды операция кылуу бөлүмүнө барып, анда жаткан 2 жарандын ден-соолугун сурады.

1988-жылы туулган Ж. У. аттуу жарандын эки колунун манжаларына операция жасалган. Баш сөөгүнүн сол тарабынан контузия алган. 1-2 даражадагы травматикалык шок абалында жатат.

Экинчи байтап 1984-жылы туулган Ж. Э. аттуу жарандын мээси чайкалып, эриндери жарылган. Ал Акыйкатчыга өзүнүн абалы тууралуу айтып берди.

Андан соң Акыйкатчы Бишкектеги №4 ооруканага барып, Нейротравматологиялык бөлүмүндө дарыланып жаткан аскер адамына жолугуп, ал-абалын көрүп, өз ара сүйлөшүштү.

Аталган оорукананын жетекчилиги берген маалымат боюнча, жалпысынан 26 жаран кайрылган, анын ичинен 6 оор абалда реанимацияга келип түшүп, бирөөсү кайтыш болгон. 13 жаранга амбулатордук түрдө жардам көрсөтүлгөн. Азыр экөө дарыланып жатат.

Ал эми реанимацияда Чүй ОИИББ жетекчиси жатат.