Акыйкатчы Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын 2018-жыл үчүн Баяндамасы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү
2019-жылдын 17-сентябрында КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети КР Акыйкатчысынын 2018-жылы Кыргыз Республикасында Адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жылдык баяндамасын угуп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына жөнөткөн.18-сентябрь күнү КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Баяндаманы угуп, аны кароонун жыйынтыгында Баяндама эске алынды.
Баяндама 8 негизги бөлүмдөн турган. Анда негизинен төмөнкү маселелер камтылган:
I.Кыргыз Республикасы – Эл аралык коомчулуктун бөлүгү:
Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык механизмдердин алкактарындагы милдеттенмелери;
II. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жана анын аппаратынын 2018-жылдагы ишмердиги жөнүндө: 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) келген кайрылуулардын саны жана мүнөзү; Акыйкатчыга жабык мекемелердеги адамдарды кошо алганда кайрылуу үчүн “115 Шыр байланыш” кызматы;- Адамдын жана жарандын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу фактылары жана 2018-жылдагы Көңүл буруу актылары; КР Акыйкатчысынын 2017-жыл үчүн жылдык баяндамасынын сунуштамаларынын аткарылышы.
III. Социалдык, экономикалык жана маданий укуктар: Кыргыз Республикасындагы инкурабелдик бейтаптардын күчтүү таасир этүүчү оорутпай турган дарылык каражаттардын жеткиликтүүлүгү боюнча паллиативдик жардамга болгон укугу; Майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктарынын сакталышы жана ишке ашырылуусу; Эмгек мигранттарынын укуктарынын чет өлкөлөрдө сакталышы.
IV. Аялдардын жана балдардын укуктары: Билим алууга укуктардын сакталышы; Балдарга карата зомбулук маселелери жана эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу көйгөйлөр; Алименттерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышына байланыштуу маселелер.
V. Жарандык жана саясий укуктар: Тынч чогулуштарга эркин чогулуу укугу; Дин тутуу эркиндигине укуктар; Аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыз кылуунун абалы.
VI. Адилеттүү соттук териштирүүгө укук: Сот адилеттүүлүгүнө жетүүгө укук. Мамлекеттик алым; Мыйзамсыз түрдө кылмыш жообуна тартылган жарандардын укуктарын сактоо (соттун чечими менен акталып чыккандар); Экстремисттик багыттагы материалдарды сактап жүрүүгө айыпталган жарандардын укуктарынын сакталышы.
VII. Адам укуктарынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген же эркиндиктен ажыраткан жайларда сакталышы: Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамга ылайык келбеген иш-аракеттерине карата жарандардын арыздары; Адам укуктарын сактоодо коомдук кеңири резонанс жараткан 2018-жылдагы иштерди талдоо;Жабык жайларда медициналык жардам көрсөтүлүшүнө байкоо жүргүзүүнүн улуттук стандарттары боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы.
VIII. Психиатриялык стационарлардагы бейтаптардын укуктары: Психиатриялык стационарга түшкөн адамдардын, аларды изилдөө жана дарылоо үчүн зарыл болгон мөөнөттө гана кармоого карата укуктары; Психиатриялык мекемелерде жаткан адамдардын дарылык тамактанууга болгон укугу; Адамдык кадыр-баркты басмырлоого жол бербеген сый жана адамгерчиликтүү мамилеге болгон укук.
2018-жылы КР Акыйкатчысынын наамына кат жүзүндө 3237 кайрылуу келип, алардын 2092си (64,6%) – Борбордук аппаратка, 1145и (35,4%) – Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аймактык өкүлчүлүктөрүнө түшкөн. Булардын 142си (4,4%) – 2050 адам кол койгон жамааттык кайрылуулар. 6115 адам оозеки түрдө кеңештерди алышкан. 2018-жылы Акыйкатчыга кайрылгандардын жалпы саны 11260 адамды түздү, алардын 47,4%ы – аялдар.
Ар бир кайрылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга каттар жолдонду, арыз ээлерине адистер тарабынан сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2018-жылы баардыгы болуп 13,2% учурларда арыз ээлеринин укуктары калыбына келтирилди.
Кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарынан келген – 1001 (31,0%), Чүй облусунан – 576 (17,8%), Ысык-Көл облусунан – 415 (12,8 %), Ош облусунан 360 (11,1%), Жалал-Абад облусунан – 213 (6,6%), Нарын облусунан – 191 (5,9%). Эркинен ажыратуу жайларынан келгени 4,1% – бул Баткен (3,5%) жана Талас (2,7%) облустарынан келген арыздарга караганда көп.
2018-жылдын аралыгында Акыйкатчы аппараты тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укук бузууларды жоюу зарылдыгы же адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу боюнча кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча 79 Көңүл буруу актысы жөнөтүлгөн.
Баяндаманын толук тексти менен ombudsman.kg сайтынан таанышууга болот.
эл.дарек: ombudsman@inbox.ru