Усаров Медербек Исакович 1977-жылдын 17-августунда туулган.
Билими – жогорку.
2000-жылы КРнын Ички иштер министрлигинин академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты даражасына жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чинине ээ.
Эмгек жолу
1995–2006-жылдары — ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.
2006–2008-жылдары — «Архимед» ЖЧКсында юрист болуп иштеген.
2010–2011-жылдары — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда башкармалыгынын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгын жетектеген.
2011–2013-жылдары — Кыргыз-Орус Славян университетинин кылмыш иликтөө процесси жана криминалистика кафедрасынын доценти.
2013–2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында эксперт, башкы эксперт жана бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
2019–2020-жылдары — Кыргыз-Орус Славян университетинин кылмыш иликтөө процесси жана криминалистика кафедрасынын доценти.
2021–2023-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М. Адышев атындагы Геология институтунда эмгектенген.
2023–2026-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп иштеген.
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Усаров Медербек Исаковичменен байланышуу үчүн телефон номерлер: 0312 66 33 03