Акыйкатчы Институту Медиа Полиси Институту менен биргеликте эксперттик талкуу өткөрдү
Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Медиа Полиси Институту менен биргеликте КР КЖК 330-беренесинин (кастыкты (араздашууну) козутуу) тобокелдиктери боюнча эксперттик талкуу өткөрдү
28- сентябрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын имаратында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» жөнүндөгү 330-беренесин ишке ашырууда адам укуктарынын сакталышы боюнча эксперттик талкуу өткөрүлдү. Талкууга Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет бөлүмүнүн кызматкерлери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү, юристтер, укук коргоочулар, эксперт-лингвисттер жана башка адистер катышышты.
Акыркы күндөрү бийликти сындаган же болбосо өз ой-пикирин билдирген журналисттер, блоггерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары жоопкерчиликке тартылып, аталган берене боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйгөнүнө байланыштуу аталган иш-чара уюштурулган. Медиа Полиси Институтунун юристи (МПИ) Нурбек Сыдыков өзүнүн сөзүндө кастыкты козуткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин өзгөртүү керектигин айтты.
Юрист белгилегендей, буга чейин МПИнин ЖКнын профилдик комитеттери, Башкы прокуратура, Акыйкатчынын аппараты менен кызматташуусунун аркасында бул беренени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болду. Эми 100 миңден 200 миң сомго чейинки айып салуу түрүндөгү жаза чарасы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралган. Бирок так аныктама жок: эмне үчүн айып салынып жатат, эмне үчүн эркиндигинен ажыратылат. Аталган беренеде айып салуу дагы, эркиндигинен ажыратуу дагы кылмыш жоопкерчилигинин категориясына киргизилген.
Ушуга байланыштуу катышуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 82-беренесинин 2-бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуу деген пикирлерге макул болушту.
Ошондой эле, эксперттик талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган аракеттери үчүн адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуудан мурда адамдарга эскертүү берүүнүн механизмдерин иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрүлдү. Эксперттик талкуулардын мүчөлөрүнөн КР КЖК 330-беренесинде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө демилге колдоого алынды.